Бишкек-Ош жолунда болгон кырсыктан эркек киши каза тапты
Поделиться в:
Ноокен районунда болгон жол кырсыгынан эркек киши каза тапты.Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, Бишкек-Ош жолунун 530-чакырымында «Мазда» унаасы менен жүк ташуучу «Хово» унаасы кагылышкан.1983-жылы туулган Д.Э., каза тапты.
Кырсык болгон жерде үч куткаруучу иштеп, каза тапкан жарандын сөөгүн унаадан алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-zholunda-bolgon-kyrsyktan-erkek-kishi-kaza-tapty
Добавить комментарий ×