Бишкек-Ош жолунда 6 жашар баланы сүзүп качып кеткен айдоочу изделүүдө. Өспүрүм кырсыктан көз жумган

28 сентября 2018 13:10 844 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек-Ош жолунда 6 жашар баланы жол тандабас унаасы сүзүп, бала каза болду. Ал эми  айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 

Маалым болгондой, кырсык кечээ 27-сентябрда катталган. Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылынын 6 жаштагы тургунун белгисиз айдоочу Тойота-Прадо үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен бала ошол жерден жан берген. Учурда унаанын айдоочусу изделүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-zholunda-6-zhashar-balany-szp-kachyp-ketken-ajdoochu-izdeld-sprm-kyrsyktan-kz-zhumgan



Добавить комментарий