Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду (Сүрөт)
Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматына таяныр "Барометр" билдирет.
Кечээ, 20-августта саат 20:39 чамасында Жалал-Абад облусунунда жол кырсыгы катталды. Токтогул районунда Жаңы-Жол айыл аймагынын Арал тилкесинда Бишкек-Ош унаа жолунун 275-чакырымында “Volkswagen Passat” жана “BMW” үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, жабыркагандар бар.
Кырсыктын кесепетинен унаалардан өрт чыгып, өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен төрт адам жабыркап, бир эркек адам (1967-жылы туулган) ооруканада каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-unaa-zholunda-zhol-kyrsygy-kattalyp-bir-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×