Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаага “Митсубиси” келип урунган. 3 адам каза болду

13 декабря 2018 10:46 960 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бишкек-Ош унаа жолунда “Мерседес-Бенц” оор жүк ташуучу жана “Митсубиси” үлгүсүндөгү жеңил унаалардын кагылышуусунда чоң жол кырсыгы катталды. Жол кырсыктан 3 эркек адам ошол жерден каза болуп, 3 адам оор жаракаттарды алышты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматта жазылгандай, окуя бүгүн 13-декабрь күнү саат 05:25 Бишкек-Ош унаа жолун 307- чакырымында болгон.

Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу аман калган. Анын айтымында, кырсыкты болтурбоого аракет кылып качканына карабай, женил унаа келип урунган. 

Учурда, кырсыкка кабылгандардын аты-жөндөрү такталууда. 


Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-unaa-zholunda-oor-zhk-tashuuchu-unaaga-mitsubisi-kelip-urungan-3-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий