Бишкек-Ош жолундагы тоннелде болгон жол кырсыгынан 5 адам жабыркады
Поделиться в:
18-майда Жайыл районунда Бишкек-Ош автотрассасынын 129-чакырымында жол кырсыгы болгонун КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде «Тойота Ист» жана «Мерседес-Бенц» авто унаалары кагылышкан.
Кырсыкта «Тойоте Ист» үлгүсүндөгү унаадагы 5 адам жабыркаган. Куткаруучулар тоннелден алып чыгып, алгачкы медициналык жардамдарды көрсөтүшкөн соң медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-trassasyndagy-tonnelde-bolgon-zhol-kyrsygynan-5-adam-zhabyrkady
Добавить комментарий ×