Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам мерт кетти

14 июля 2018 08:30 1286 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүгүн  Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 44-чакырымында (Ивановка айылы) “Мерседес” үлгүсүндөгү унаа кырсыкка учураган. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болгон. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Кырсык болгон жерге, саат 14:46да КР ӨКМнин Токмок шаардык №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, унаага кыпчылып калган маркумдардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып РИИБнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-naryn-torugart-unaa-zholunda-zhol-kyrsygynyn-kesepetinen-3-adam-mert-ketti



Добавить комментарий