Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан бир аял каза болду
2018-жылдын 1-июль күнү саат 10:06 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 52-чакырымында (Арал айылы) мам.№S58-39AG “Хюндай-Портер” үлгүсүндөгү унаа менен “Мазда” үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышкан. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Жол кырсыктын кесепетинен Мазда унаасындагы 1 адам жабыркап, 1 аял казаболгон (аты жөнү такталууда).
Жерине КР ӨКМнин №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, унаада кыпчылып каза болгон маркумдун жансыз денесин чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган 1 адам Чүй райондук оруканасына жеткирилген.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-naryn-torugart-unaa-zholunda-zhol-kyrsygynan-bir-ayal-kaza-boldu
Добавить комментарий ×