Бишкек мектептериндеги тамактын сапаты канааттандырарлык эмес
Поделиться в:
Бишкек мектептердеги тамактын сапаты канааттандырбайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, мэрия тарабынан түзүлгөн комиссия Ленин районундагы мектеп жана бала бакчаларда күтүүсүз текшерүү жүргүздү.
Анын жыйынтыгы менен бир катар бузуулар аныкталды.
Алсак, ашканаларда курамына химиялык кошулмалар кирген газдалган суусундуктар сатылып келгени белгилүү болду.
Андан тышкары, 20 күнгө эртелеп түзүлгөн меню жок болуп чыкты. Мектептердеги буга жооптуу кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-mektepterindegi-tamaktyn-sapaty-kanaattandyrlyk-emes
Добавить комментарий ×