Бишкек комендатурасы журналисттерге аккредитация бербейт - видео

30 марта 2020 10:30 894 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) өкүлдөрүнө сыртка чыгып иштөөгө уруксат берилбей турганын маалымат жыйында айтты.

Ал өз сөзүндө өзгөчө абал жарыяланып, карантиндик режимдин киргизилиши бир катар мекемелердин анын ичинде журналисттердин дагы ишмердигин кайгып өтпөгөнүн белгиледи.

“Мыйзам ЖМК өкүлдөрү үчүн да бирдей, ошону менен бирге ЖМКнын толук кандуу ишин камсыз кылуу жана аларга ыңгайлуу болушу үчүн күн сайын онлайн режимде республикалык штабдын жана жер-жерлердеги коменданттардын брифинги өтүп, түз эфирде көрсөтүлүп жатат. Биз журналисттер жана коомчулук тарабынан берилген курч суроолорго жооп берип жатабыз. Буга чейин мен журналисттерди аккредитациялоо маселесине токтолгон элем, биз кырдаалды анализдеп чыктык. Журналисттердин өздөрүнүн коопсуздугу үчүн аларга аккредитация бере албайбыз”, — деди Орозалиев.

 Ал ошондой эле ЖМК өкүлдөрүн өзгөчө абалдын талаптарын аткарууну суранды.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-komendaturasy-zhurnalistterge-akkreditaciya-berbejt-video



Добавить комментарий