Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо качан аяктайт?

25 июня 2021 09:53 1724 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун 45-чакырымындагы участогу сентябрдын соңуна чейин толук бойдон аяктайт, 7-чакырымындагы участок 2022-жылдын соңуна дейре бүткөрүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев маалымат жыйында билдирди.

“Аталган долбоор 2018-жылы башталып, адегенде виброкатканы колдонууга жергиликтүү тургундар нааразы болгон. Мындан улам Азия өнүгүү банкы жагдайды тактаганча ишти толук токтоткон. Иштер алты айдан кийин гана уланган. Ал эми 2020-жылы пандемиядан улам курулуш иштери июль айында гана башталган. Учурда курулуш иштери 90 пайызга аяктады”, - деп айтты орун басар.

Долбоор менен Сhina Railway № 5 команиясы иштеп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-kara-balta-zholun-odoo-kachan-ayaktajt



Добавить комментарий