Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезд каттамы токтоду
Поделиться в:
Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезд каттамы 8-сентябрдан тарта ишин токтотту. Бул чечим быйылкы жайкы туристтик сезондун аяктаганына байланыштуу кабыл алынган.
Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мекемесинин расмий сайтында айтылат.
Эске салсак, поезд 14-июндан бери иштеп жаткан.
"Быйыл жайкы мезгилде аталган каттам боюнча 19 миң 972 жүргүнчү ташылган. Бул 2018-жылга караганда 13 пайызга көп", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-balykchy-bishkek-poezd-kattamy-toktodu
Добавить комментарий ×