Германиянын, Англиянын Элчилери кѳл жээгин таштандыдан тазалашат
Ысык-Кѳл облусунда биринчи жолу «Кѳл жээгин тазалайбыз» атуу эл аралык акция болуп жатат. Иш-чара14- сентябрда Ысык-Кѳл районунун Бостери айылында ѳткѳрүлѳт. Акцияга Кыргызстандагы ЕС өкүлчүлүгү, ЕБ, Бириккен Улуттар Уюмунун, Германия жана Англия элчилигинин ѳкүлдѳрү катышат. Андан тышкары 150 ыктыярчы, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери, катышат. Бул тууралуу облусттун ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы билдирди.
«Биз жер шаарына болгон сүйүүбүздү тең бѳлүшѳбүз, жаратылыштын таза болушу ар бирибиздин жоопкерчилигибиз. Ошондуктан ар ѳлкѳнүн жарандарын ѳз салымдарын кошууга чакырабыз. Буга байланыштуу Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Кѳлдѳ тазалоо акциясын уюштуруп жатабыз. Деңиздердин,кѳлдѳрдүн маселесине кайдыгер болбой ар дайым чечүүгѳ даяр экенибизди дагы бир жолу баса белгилегибиз келет” ,- деди Кыргызстандагы ЕС башчысы Эдуард Ауэр.
Иш-чараны "ЭкоДеми" коомдук уюму колдоого алган.
Ссылка: https://barometr.kg/birinchi-zholu-kl-zheegin-tazalajbyz-atuu-el-aralyk-akciya-bolot
Добавить комментарий ×