Маалыматтык технологиялар комитетинин жамааты жаңы төрагасын кантип тосуп алды
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жамаатына ведомствонун жаңы дайындалган төрагасы Алтынбек Исмаиловду тааныштырды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Биринчи вице-премьер-министр Алтынбек Исмаиловдун кесипкөйлүк деңгээлин белгилеп, ага жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
Алмазбек Баатырбеков өлкөнү санариптештирүү боюнча иш-чараларды күчөтүүнүн маанилүүлүгүн ырастап, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүүнү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныктагандыгын белгиледи.
Биринчи вице-премьер-министр коронавирус инфекциясынын шарттарында санариптик технологиялардын ролун эске алуу менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдына коюлган өлкөнү мындан аркы санариптештирүү боюнча милдеттерди жана максаттарды аткарууда жаңы дайындалган төрагага ишеним көрсөттү.
МТБМК төрагасы Алтынбек Исмаилов өз кезегинде көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, жогоруда көрсөтүлгөн бардык маселелерди аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Добавить комментарий ×