Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен депутаттар Эстонияда

24 сентября 2019 12:41 1061 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жумуш сапары менен Эстония Республикасында жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сѳз кызматы маалымдады.

 Иш сапардын алкагында Кубатбек Боронов жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Эстониянын административдик-аймактык реформа жүргүзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү  тажрыйбасы менен таанышып,  өздөштүрүүнү пландоодо.

Белгилей кетсек, өлкөдө жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгында бүгүнкү күнү Эстонияда 215 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан 79 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы түзүлгөн.

 Буга чейин кыргыз делегациясынын мүчөлөрү өлкө парламентинде, Эстониянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациясында бир катар жолугушууларды өткөрүп, алардын жүрүшүндө административдик-аймактык реформа жүргүзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү иштеринин негизги багыттары талкууланган.

Кыргыз делегациянын курамында  Жогорку Кеңештин депутаттары  Канат Керезбеков, Акылбек Жапаров, Таабалды Тиллаев жана мамлекет кызматкерлери бар.

Ссылка: https://barometr.kg/birinchi-vice-premer-ministr-kubatbek-boronov-menen-deputattar-estoniyada



Добавить комментарий