Биринчи Май райондук сотунун судьясы 2 миң доллар пара менен кармалды
Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун судьясы М.О. 12-мартта түштө 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматы “Барометр” маалымат агенттигине билдирди.
“Судья ыкчам тергөө амалдарынын алкагында 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды”, — деп кабарлады маалымат кызматы.
Алдын ала маалыматтар боюнча судья жарандык ишти кызыкдар тараптын пайдасына чечип берүү үчүн 2 миң доллар талап кылган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Судьянын баш коргоо чарасы кандай болору тууралуу кийинчерээк маалымат берилет деп финполдон билдиришти.
Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук сотунда М.О. аттуу инициал менен судья Максат Орозбакова иштейт.
Ал 1982-жылы Талас облусунда төрөлгөн. Биринчи Май райондук сотунун судьясы болуп 2018-жылы июлда дайындалган. Ага чейин Бишкек шаардык сотунда судьянын жардамчысы болуп иштеген.
Ссылка: https://barometr.kg/birinchi-maj-rajonduk-sotunun-sudyasy-2-mi-dollar-para-menen-karmaldy
Добавить комментарий ×