Биринчи Май райондук сотунун судьясы 2 миң доллар менен кантип кармалган – видео

13 марта 2020 11:14 1109 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун судьясы М.О. 12-мартта 2 миң доллар пара алган жеринен кармалган болчу.

Алдын ала маалыматтар боюнча судья жарандык ишти кызыкдар тараптын пайдасына чечип берүү үчүн 2 миң доллар талап кылган. Учурда бул ишке тийиштиги барларды аныктоо аракеттери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук сотунда М.О. аттуу инициал менен судья Максат Орозбакова иштейт.

Ал 1982-жылы Талас облусунда төрөлгөн. Биринчи Май райондук сотунун судьясы болуп 2018-жылы июлда дайындалган. Ага чейин Бишкек шаардык сотунда судьянын жардамчысы болуп иштеген.


Ссылка: https://barometr.kg/birinchi-maj-rajonduk-sotunun-sudyasy-2-mi-dollar-menen-kantip-karmalgan-video



Добавить комментарий

  • Катуу чара колдонуш керек ,бул паракорду дагы бошотуп жибериши мумкун ,бийликтегилерге ишеним жок болуп калган!!!