Биринчи лигада кѳкбѳрү оюнунан "Бакубат Талас" жеңишке жетти
Эгемендик күнүнө арналган көкбөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогунун биринчи лигасында Талас облусунун "Бакубат Талас" командасы жеңүүчү болду.
Бүгүн, 31-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда болуп өткөн финалдык таймашта "Бакубат" Чүйдүн "Ак-Суу" командасын 9:0 эсебинде жеңип алды.
Үстүбүздѳгү жылы "Бакубат Талас" командасы Жеңиш күнүнө арналган республикалык мелдеште жогорку лигада 6-орунду алып, биринчи лигага которулган. Бул жеңишинен кийин кайрадан жогорку лигага жолдомо алды.
Бул күнү жогорку лигада Оштун "Достук" командасы менен Таластын "Ынтымак" командасы беттешет.
Оюн саат 15:00дө уланат.
Бүгүн көкбөрү оюнунан сырткары улуттук ат оюндары: салбуурун, эр эңиш жана ат чабыш боюнча мелдештер каралган.
Көкбөрү боюнча республикалык мелдеш 26-августта башталган. Байге үчүн жогорку лигада алты, биринчи лигада 15 команда ат салышты.
Ссылка: https://barometr.kg/birinchi-ligada-kkbr-oyununan-bakubat-zheishke-zhetti
Добавить комментарий ×