Биринчи каналдын алып баруучусу түз эфир учурунда кулап кетип, колун сындырып алды (видео)

30 марта 2021 09:54 1425 Barometr
Поделиться в:
ok

Биринчи каналдагы "Время покажет" берүүсүнүн алып баруучусу Екатерина Стриженова съёмка учурунда мүдүрүлүп түшүп, колун басып жыгылды. Бул тууралуу Биринчи каналдын сайтындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Стриженова тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.


"Программаны биз мындан ары уланта беребиз. Алып баруучулар жетиштүү. Биз эфирди убактылуу башка алып баруучуга бөлүштүрөбүз деп ойлойм. Катянын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз. Кыязы, ал жыгылганда колу сынып кеткен окшойт", - деп жазган Екатерина Стриженованын кесиптеши Руслан Осташко.

Ссылка: https://barometr.kg/birinchi-kanaldyn-alyp-baruuchusu-tz-efir-uchurunda-kulap-ketip-kolun-syndyryp-aldy-video



Добавить комментарий