“Орозодо 100 адамга акчалай жардам берем”. Айгүл Жапарованын атынан ачылган фейк баракчага ишенбөө эскертилди

27 марта 2023 09:59 570 Barometr
Поделиться в:
ok

Соцтармакта биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан фейк баракча ачып, орозо айында белектерди таратабыз деген маалымат жалган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, биринчи айымдын атынан ачылган  фейк баракча комментарий аркылуу ысымдарын жана телефон номурларын калтырса 100 адамга акчалай жардам берерин жазган.

“Урматтуу интернет колдонуучулары, сиздерге төмөндөгү маалымат жалган экенин маалымдайбыз. Маал-маалы менен биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан жасалма баракчаларды ачып, чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандар бар.

Бул баракча Айгүл Жапаровага таандык эмес. Ошондуктан мындагы маалыматка ишенип, алданып калбоого чакырабыз”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/birinchi-ajym-ajgl-zhaparovanyn-atynan-fejk-barakcha-achyp-akcha-taratabyz-degen-maalymat-zhalgan



Добавить комментарий