Бириккен Араб Эмирлигинин футбол боюнча машыктыруучусу: "Кыргызстан күчтүү команда, эртең бизди катуу таймаш күтүп турат"

20 января 2019 21:46 4972 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы акыркы жылдары абдан өнүгүп келе жатат. Алар күчтүү командалардын бири. Мындай оюн Бириккен Араб Эмирлигинин курама командасынын машыктыруучусу Альберто Дзаккерони айтты. Бул тууралуу Barometr.kg сайтынын учурда Дубайда жүргөн журналистти Гүлиза Авазова жеринен маалымдады. 

Машыктыруучунун айтымында, анын командасы эртеңки боло турчу Кыргызстан курама командасы менен беттеште тактикасын өзгөртөт. "Кыргызстан-өтө күчтүү атаандаш. Эртең биз учүн кыйын беттеш болот. Бирок, бул бизге мотивация берет"-деди ал өз сөзүндө. 

Эске салсак, 21-январда Абу-Даби шаарында Кыргызстан курама командасы менен Бириккен Араб Эмирлигинин курама командасы Zayed sport city стадионунда турнирдин жарым финалына ат салышат.

Ошондой эле жогоруда аталган команданын жарым коргоочусу Маджед Хассан дагы Кыргызстан футбол курама командасы боюнча өз пикирин билдирди. Ал:"Кыргызстан- өтө күчтүү команда болуп калды. Бизди катуу таймаш күтүп турат"-деди.


Ссылка: https://barometr.kg/birikken-arab-emirliginin-futbol-boyuncha-mashyktyruuchusu-kyrgyzstan-kcht-komanda-erte-bizdi-katuu-tajmash-ktp-turat



Добавить комментарий