Бириккен Араб Эмиратында жасалма жаан жаадыруучу дрондор колдонула баштайт

24 марта 2021 17:32 1075 Barometr
Поделиться в:
ok

Бириккен Араб Эмираттарында аба ырайына таасир берүүнүн оригиналдуу жолу колдонула баштайт. Британиялык изилдөө тобу бортунда иондоштуруучу шаймандары бар атайын дрондорду булуттарга учурат. Төмөнкү кубаттуулуктагы электр заряддары суу буусунун тамчыларынын пайда болушуна алып келет. Бул тууралуу Arab News сайты жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бириккен Араб Эмираттарында жылдык жаан-чачын болжол менен 100 миллиметрди түзөт. Жерге түшкөн атмосфералык нымдын бул көлөмү жергиликтүү айыл чарбасынын иштеши үчүн жетишсиз. Ошону менен катары эле, таза суу менен камсыз кылуу маселеси да бар. Ошондуктан, БАЭ өкмөтү маанилүү нымдуулукту ар кандай жолдор менен алуу үчүн бар болгон күч-аракетин жумшап жатат.

Мындан тышкары, БАЭде аба ырайын башкаруу боюнча долбоорлорго олуттуу инвестициялар жумшалууда. Химиялык заттарды колдонуу менен жаан-чачындын көлөмүн 30 пайызга көбөйтүүнү көздөп жатышат. Бул жаатта жыл сайын адистештирилген учактардын түрлөрү көбөйүп жатат, бирок бул дагы деле болсо жетишсиз. Ошондой эле, бул химикаттарды чачуунун терс таасирлери, тууралуу дагы деле болсо толук изилдене элек.

Ошондуктан, 2017-жылы БАЭ өкмөтү жаан-чачындын көлөмүн көбөйтүү үчүн келечектүү тогуз долбоорго 15 миллион доллар бөлгөн. Алардын бири Англиянын “Рединг” университетинин окумуштуулары тарабынан ишке ашырылууда. Британиялык адистер сунуш кылган технология атмосферада суу буусун иондоштурат. Аз кубаттуу электр заряддарынын таасири астында суу молекулалары тамчыларга биригип, жамгыр жаашы керек.

Arab News билдиргендей, технология жакында Дубайда сыналат. Окумуштуулар симуляциянын келечектүү натыйжаларына карабастан, эксперименттин ийгилиги так эмес экендигин белгилешкен. Андан тышкары, бул процесс химиялык заттар жана күйүүчү май сыяктуу чыгымдалуучу материалдарды талап кылбайт - бир гана электр энергиясы керектелет.

Ссылка: https://barometr.kg/birikken-arab-emiratynda-zhasalma-zhaan-zhaadyruuchu-drondor-koldonula-bashtajt



Добавить комментарий