Бириккен Араб Эмираттарынын шейхи Хамдан Аль Мактум каза болду

25 марта 2021 11:12 2256 Barometr
Поделиться в:
ok

Бириккен Араб Эмираттарынын каржы министри Дубай Эмири Мухаммед Ибн Рашид Аль Мактумдун агасы Хамдан ибн Рашид Аль Мактум көз жумду. Бул тууралуу Дубайдын эмиринин твиттердеги расмий баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Биз Аллахка таандыкпыз жана биз ага кайтып баруучубуз. Аллах сизге бейпилдик берсин, бир тууганым, менин таянычым жана жолдошум", - деп жазды Дубай эмири.


Шейх Хамдан Аль Мактум 75 жашында көз жумду.

1971-жылдын декабрь айынан баштап, ал БАЭнин Федералдык Өкмөтүнүн Финансы жана Өнөр жай министрлигин жетектеген, Эмираттын вице-премьер-министри, муниципалитетти жана мамлекеттик компанияларды жетектеген.

Шейх Хамдан кайрымдуулук иштери менен да алектенип келген. Ошондой эле, ал күлүк аттарды сүйүп, мергенчиликке абдан кызыгып келген.

Хамдан Аль Мактум 1990-жылы дүйнөдөн кайткан Дубайдын эмири Шейх Рашид ибн Саид Аль Мактумдун экинчи уулу.

2006-жылы Хамдан Аль Мактум дүйнөдө биринчилерден болуп Лондондогу эң престиждүү Королдук Колледжинин үч дипломун алган. Шейх медицина тармагында жыл сайын берилүүчү Sheikh Hamdan Bin Rashid Al Maktoum Award for Medical Sciences эл аралык сыйлыгынын негиздөөчүсү болгон.

Эске сала кетсек, былтыр октябрда 75 жаштагы Хамдан Аль Мактумга чет өлкөдө операция жасалган. Март айынын башында, ал Дубайга кайтып келген. Операциянын чоо-жайы жана шейх кайсы өлкөдөн дарыланганы тууралуу маалымат берилген эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/birikken-arab-emirattarynyn-shejhi-hamdan-al-maktum-kaza-boldu



Добавить комментарий