Бир жылда Кыргызстанда буудайдын баасы 40 пайызга жогорулады

31 июля 2021 12:56 1346 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуттук статистикалык комитет социалдык маанилүү товарлардын орточо керектөө бааларына апта сайын жүргүзгөн мониторингинде буудайдын баасы июль айында орточо эсеп менен өткөн жылдагы июль айына салыштырганда 8,2 сомго же болбосо 39,3 пайызга кымбаттаганын көрсөттү. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Аталган маалыматка таянсак, буудайдын баасы орточо алганда республикада  29,15 сом болуп жатат.

Ал эми Бишкек шаарында анын баасы килограммына 31,46 сом, Токтогулда 30,96 сом, Исфана шаарында 30,73 сом, Өзгөндө 30 сом болуп, орточо баадан жогору сатылууда.

Ал эми арзан сатылган буудай Чаек айылында катталып, бир килограммы 18 сом, Каракол шаарында 20,87 сом, Кара-Сууда 23,59 сомдон бааланууда.

Июль айында өткөн айга салыштырганда буудайдын баасы 3,4 сомго же болбосо 13,1 пайызга кымбаттады.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-zhylda-kyrgyzstanda-buudajdyn-baasy-40-pajyzga-zhogorulady



Добавить комментарий