Бир жыл болоюн деп калды. Баткендин 27 жаштагы тургуну дайынсыз болуп изделүүдө
Баткенде 27 жаштагы Руслан дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Баткен районунун Бужум айылынын 47 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган.
“Ал өзүнүн арызында 2022-жылдын 29-апрель күнү уулу 1995-жылы туулган Рашид уулу Руслан өзү жашаган үйдөн чыккан бойдон кайра кайтып келген эместигин билдирип, аны издөөгө көмөктөшүүнү суранган”, -деп айтылат маалыматта.
Белгилери: арык чырай, көзү кара түстө, чачы күрөң, бою 165-170см, психикалык жактан жабыркабайт.
Үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.
Эгерде төмөндөгү сүрөттөгү жигитти көрүп билгендер болсо, Баткен РИИБне кабарлап коюңуздарды суранабыз.
Байланыш номурлар:(03622) 102, 5-17-56, 0774-77-86-88, 0552-00-22-74.
Ссылка: https://barometr.kg/bir-zhyl-boloyun-dep-kaldy-batkendin-27-zhashtagy-turgunu-dajynsyz-bolup-izdeld
Добавить комментарий ×