Бир жумадан бери 80ге жакын киши Баткен шаарында дайынсыз жоголгон аялды издөөдө
Поделиться в:
Дайынсыз жоголгонуна 10 күнгө жакындап калган Баткен шаарынын тургунун издөө иштеринен майнап чыкпай жатат. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Баткен шаарында 23-ноябрь күнү Кызыл-Жол кварталынын тургуну 1975-жылы туулган Мактым Кожонова үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгон.
“1-декабрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин РӨКОнын №3 өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары, ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан жана туугандарынан 70 адам тартылып, саат 17:50дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулду. Натыйжа болгон жок”, - деп айтылат билдирүүдө.
Добавить комментарий ×