Бир жаштагы баласынан аялын кызганган эркек бешинчи кабаттан боюн таштады

22 июля 2019 14:18 3596 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайда бир жаштагы баласынан аялын кызганган эркек киши өзүнө көңүл бурдуруш үчүн бешинчи кабаттан кулап кетти. Бул тууралуу xinhuanet.com кабарлады.

Окуя 13-июлда Чжэцзян провинциясындагы Вэньлин калаасында болгон. Аялы күйөөсүн үйдө жокто балага жакшы карабай койдуң деп ачууланган. Анын сөзүнө териккен эркек балкондон боюн таштады. Бирок бактысы бар экен үчүнчү кабаттагы тосмого кармалып калып аман калган. Андан кийин аялына телефон чалып сууга чөгүп өлөм деп коркуткан.

Аялы полицияга кабар берген. Алар сууга чөгүп бараткан кытайлыкты куткарып ооруканага алып барышты. Учурда анын жагдайы жакшырды.

Журналисттерге берген маалыматында эркек киши акыркы убактарда аялы ага көңүл бөлбөй баласын эле карай бергенин айтты. Ошондуктан аялын баласынан кызганганын мойнуна алды.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-zhashtagy-balasynan-ayalyn-kyzgangan-erkek-beshinchi-kabattan-boyun-tashtady



Добавить комментарий