Москвада Кыргызстандык мигранттардын үй-бүлөсүндө бир жашар бала сууга тумчугуп каза болду

17 февраля 2021 15:41 2593 Barometr
Поделиться в:
ok

Москванын Подольск шаарында Кыргызстандык аял баласын ваннада жуунтуп жатып бир нече мүнөткө кароосуз калтырып койгондуктан, бир жашар наристе сууга тумчугуп каза болгон. Бул тууралуу “РИА Новости” жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 15-феврал күнү болгон. Каргашалуу окуя Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын үй-бүлөсүндө болгон. Аял 2019-жылы жана 2020-жылы туулган балдарын ваннага жуунтуп жатып, бир нече мүнөткө сыртка чыгып кеткен. Ошол учурда бир жашар наристе сууга тумчугуп каза болгон.

Тергөө комитетинин маалыматына ылайык, учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

«Учурда тергөөчү окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат», - деп айтылат күч органдарынын билдирүүсүндө.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-zhashar-bala-vannadagy-suuga-tumchugup-kaza-boldu-okuya-moskvada-kyrgyzstandyk-migranttardyn-j-blsnd-boldu



Добавить комментарий