Бир жарым минутадагы өмүр

27 сентября 2019 09:43 2078 Barometr
Поделиться в:
ok

Ар бир адамдын эң маанилүү  бир жарым минутасы тууралуу кардиологдун кеңешин билип алыңыз. 

Түн ичинде катуу уктап жатканда дааратканага барып келген абалды байкайлы. Бул абалды дарыгерлер изилдеп тыянак чыгарышты: ал мындайча аталат - "закон о полторы минуты" кыргызча которгондо бир жарым минута закону деп айтылат.

Сиз угуп жүрөсүзбү? Кээде тааныштарыңыздын арасында "эшикке, дааратканага чыгып келгенден кийин эле каза болуп калыптыр "- деп. Биз ошол учурду карап жатабыз, сиз тынч абалда уктап жатканда баардык органыңыз уктаган тынч абалда болот. Ошол учурда сиз ойгонуп жана тез-тез дааратканага барышыңыз керек болуп калды, мына ушул учурда сак болуңуз. Бул жерде мээ органына күч келет, анткени ал тынч абалда турганда кан айлануу процесси иштей баштайт, ошол учурда жүрөк дагы катуу иштеп кирет. Сизге сезилбейт бирок ушул абал организмге коркунуч алып келет.

Дарыгердин кеңеши: 

"Сиз ойгондуңуз,  түн ичинде, дааратканага барыш керек.  Ойгонуп 30 секунд жатып туруңуз, төшөктө дагы 30 секунд отуруп туруңуз, керебетке бутуңузду түшүрүп дагы 30 секунд анан шашпай басып дааратканага барыңыз. 

Бул кадамар менен инсульт деген коркунучтуу ооруудан сакталасыз. Бир жарым минута биздин өмүрүбүзгө коркунуч алып келиши мүмкүн. Ал эми бул маалыматты билген адам алибетте сактанат жана жакындарына айтып коюш парз". 

Ссылка: https://barometr.kg/bir-zharym-minutadagy-mr



Добавить комментарий