Бир суткада Кыргызстанда 2 жолу жер титиреди
Таласта күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 1-мартында саат 02:06да Талас облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Талас районунун Коргон айылында 2,5 баллга, ал эми Бир-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок"-деп жазылган маалыматта.
Мындан сырткары, кечээ 28-февралда саат 10:55те Ош облусунун аймагында дагы очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга, ал эми Арча-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/bir-sutkada-lk-ajmagynda-2-zholu-zher-titiredi
Добавить комментарий ×