“Бир сүрөттө төшү бар, экинчисинде жок, анан кайра бар” Ольга Бузованын талкууга түшкөн ысык сүрөттөрү

18 апреля 2019 17:47 4341 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Чуулгандуу теле алып баруучу, ырчы Ольга Бузова көпчүлүктүн назарында болууну, элдин көңүлүн өзүнө бурууну жакшы көрөт. Интернет колдонуучуларынын басымдуу бөлүгүнө бул ырчынын жеке жашоосу жана анын айланасындагы байлык уйку бербей келет. Бул жолу көчүлүк ырчынын төшүн талкууга алууда.

Маалым болгондой Ольга Бузова буга чейин өзүнүн келбети жана дене мүчөсү менен сыймыктанаарын, төшүн чоңойтпой тургандыгын айтып келет. Ошентсе да интернет колдонуучулары ырчынын бөлүшкөн сурөттөрүнүн биринде төшү чоң, ал эми биринде таптакыр жок экенин байкап калышкан.

Бул жагдай боюнча мода эксперти Анастасия Николаева да өз пикирин билдирген. Анын байкашынча да Ольганын төшү бир кичинекей, бир чоң болуп өзгөрүп турат.

Ал эми айрым адистердин айтымында ырчыны буга чейин да талкуулап келишкен, кийин да талкуулай бермекчи, анткени кеп анын төшунүн чоң кичинесинде эмес, кеп анын публиканы сүйөөрүндө.

“Бир сүрөттө төшү бар, экинчисинде жок, анан кайра бар” деп таң калышууда эксперттер.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-srtt-tsh-bar-ekinchisinde-zhok-anan-kajra-bar-olga-buzovanyn-talkuuga-tshkn-ysyk-srttr



Добавить комментарий