Бир нече оор кылмышка шектүү өзбек жараны Кыргызстандан кармалды
Оор кылмышты жасоого шектелип издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, Өзбекстандын 1992-жылы туулган Б.И аттуу жараны каракчылык жана адам өлтүрүү беренелери менен айыпталып издөөдө жүргөн. х
"Коңшу өлкөнүн ички иштер органдары ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүгө жана оор кылмыштарды жасаганы үчүн 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн Өзбекстан Республикасынын жаранын кармоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандын жүргөн жерин аныкташкан. Кармалган адамды өз мекенинде кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо маселеси каралып атат", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/bir-neche-oor-kylmyshka-shekt-zbek-zharany-kyrgyzstandan-karmaldy
Добавить комментарий ×