Бир нече кылмышка шектелип, издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

24 ноября 2022 14:59 943 Barometr
Поделиться в:
ok

Каракчылык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Жакында, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн  ыкчам кызматкерлери соттон жана тергөөдөн изин жашырып качып жүргөн Ош облусунун 1992-жылы туулган тургуну Б.уулу Б. жүргөн жерин аныкташкан.

“ Ал ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн мурда соттолгон. Жогорудагы көрсөтүлгөн жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

2019-жылдын октябрь айында Ош шаардык соту тарабынан жаран Б.уулу Б. каракчылык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн сыртынан соттолгон. Ага издөө жарыяланган. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча  бөлүмүнүн маалыматы боюнча жаранга кол салууга байланышкан башка бир нече кылмыштарды жасоого шектелүүдө.

Шектүүнү кармоо Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн. Кармалган жаран Ош ШИИБге жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-neche-kylmyshka-shektelip-izdd-zhrgn-uyushkan-kylmyshtuu-toptun-mchs-karmaldy



Добавить комментарий