Бир нече адамды ири суммадагы акчага алдап качып жүргөн жаран кармалды

14 января 2021 11:59 3461 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери ири суммадагы алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИММдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Борбор калаанын бир нече тургундары 2019-жылы күзүндө жасалган мыйзамсыз аракеттердин курмандыгы болушуп, милицияга кайрылышкан.

“Шектүү  унааларды ээлерине маалымдабай сатып жүргөн, андан кийин акча каражаты менен изин жашырып кеткен. Алдамчылык фактылары боюнча арыздарды кымбат баалуу автоунаалардын ээлери гана эмес, шектүү адамдан унаа сатып алгандар дагы жазган. Арызында жабырлануучулар ири алдамчылык аракеттерди жасаган Канатбек аттуу бейтааныш адамга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан. Ал оңой эле жарандардын ишенимине кирип, алдамчылык жол менен мүлктү жана ири өлчөмдөгү акчаны ээлеп алган, ошол эле учурда ал  өзүн ийгиликтүү ишкер катары тааныштырып жүргөн.

2019-жылдын ноябрь айынын ортосунда, Бишкек шаарында, алдамчылык жол менен отуз жети жаштагы жарандын баасы 13 000 доллар турган  “Тойота Приус” үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алган, андан кийин ал дайынсыз жоголгон. Унаанын ээсине келтирилген материалдык чыгым 908 000 сомдон ашык, ал кездеги доллардын расмий курсу 69,8500 сом болгон.

Көп өтпөй, ал ошол эле жылдын ноябрь айында жогорудагы автоунааны башка жаранга 5 700 АКШ долларынан ашык акчага сатып жиберип, алган акчасын өзүнө ыйгарып алып, качып кеткендиги белгилүү болгон.

Алдамчылык иш-аракеттеринен жабыр тарткан унаанын ээси милицияга арыз менен кайрылган.

Укук коргоо органдары келип, унааны материалдык далил катары алышкандан кийин, автоунааны сатып алган адам дагы ички иштер органдарына арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ага дээрлик 400 миң сом зыян келтирилген.

Мындан тышкары, 2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында аталган жаран ушул эле алдамчылык жол менен 25 жаштагы жарандын баасы 12 000 АКШ доллар турган  “Lexus RX 330”  үлгүсүндөгү  автоунааны ээлеп  алган. Шектүү бир аз убакытка унааны пайдаланып турууну сураган, андан кийин ал автоунааны башка жаранга болжол менен 7 000 долларга сатып жиберип, акчаны алып качып кеткен. Алданган унаа ээси милицияга арыз жазган. Улуттук банктын тактамасына ылайык, ошол учурда доллардын курсу 69,8357 сом болсо, келтирилген материалдык чыгым 837 000 сомдон ашкан.

Бул факт КЖБРге  катталып, сотко чейинки өндүрүштү Бишкек шаарынын Биринчимай районунун ИИБнын Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмү "Алдамчылык" менен жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, көрсөтүлгөн жаран башка дагы алдамчылык иш-аракеттерине тиешеси бардыгы аныкталган. 2020-жылдын январь айында борбордун базарларынын биринде ишкердин ишенимине кирип, жалпы баасы 104 миң сомдон ашкан 20 тонна мандариндерди алдап алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, бир катар алдамчылык аракеттерге шектелип, мурда соттолгон Алимжанов Канатбек Алимжанович кармалган. Ал атын өзгөртүп Бөкөнов Канатбек Алимжанович болуп алган.

Соттун чечими менен аталган жаранга карата эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалды.

Жогоруда айтылгандар бир эле адам тарабынан жасалгандыгын эске алып, толук жана объективдүү тергөө максатында, кылмыш ишинин материалдары бир өндүрүшкө бириктирилген. Сотко чейинки тергөө амалдарын Биринчимай райондук Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы жүргүзүүдө. Учурда анын башка алдамчылык фактыларын аныктоо максатында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы кандайдыр-бир маалыматы бар же жогорудагы адамдын колунан жабыр тарткан жарандар болсо төмөнкү телефон номурларга  кабарлап коюну суранат: Байланыш телефондор: 0312266261, 0703000570.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-neche-adamdyn-kymbat-baaluu-avtounaalaryn-satyp-akchasyn-alyp-kachyp-zhrgn-zharan-karmaldy



Добавить комментарий