Бир күндө 3 адам сууга чөктү
Поделиться в:
Республикада бир күндө 3 адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Бурана тилкесиндеги Кара-Суу суусунан 69 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылган.
Талас облусунун Манас районундагы Чеч-Дөбө айылынын Саратай көлүнө 18 жаштагы жигит чөгүп кеткен.
Нарын облусунда Жумгал районунун Кара-Кече тилкесинде жайгашкан каналга 15 жаштагы өспүрүм бала чөккөн.
Ссылка: https://barometr.kg/bir-knd-3-adam-suuga-chkt
Добавить комментарий ×