"Бир күндө 3 600 адам каза болду". Индияда коронавирус кооптуу чекке жетти

29 апреля 2021 13:39 1327 Barometr
Поделиться в:
ok

Өткөн суткада Индияда коронавирус инфекциясы 379 257 кишиге жугуп, 3 600дөн ашуун адам каза болду. Бул тууралуу Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жергиликтүү каналдарга билдирген маалыматына шилтеме берип “Барометр” маалымдайт.

Бул көрсөткүчтөр пандемия башталгандан бери эң жогорку чекке жетти.

Индия коронавирус менен ооруган адамдардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө COVID-19 оорусунун 18,3 миллиондон ашык учуру катталды.

Эл аралык коомчулук коронавирус илдетинен катуу жабыркаган өлкөлөргө жардам берүү үчүн биригүүдө. Керектүү шаймандар, ИВЛ аппараттары жана реанимация бөлүмдөрүндө орун жетишсиз болгон өлкөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүү зарыл экени айтылууда.

ДССУнун акыркы маалыматтары боюнча, Индия акыркы жети күндө планетада катталган инфекциялардын жалпы санынын үчтөн биринен көбүн түзөт.

Буга чейин, Индияда өлүмдөр көп катталып жаткандыктан, каза болгондордун сөөгүн көчөдө эле өрттөп жатканы айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-knd-3-600-adam-kaza-boldu-indiyada-koronavirus-kooptuu-chekke-zhetti



Добавить комментарий