Бир күндө 12 кой союп. Кыргызстанда түштөндүрүү деген жаңы салт кооптонуу жаратты

6 августа 2019 11:42 14610 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармакта түштөндүрүү деген жаңы салт кызуу талкуу жаратты.

КР президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев түштөндүрүү тууралуу эки келиндин баарлашканын жазып чыкты.

"Ат Башылыктар түштөндүрүү деген нерсени таап, бүт Кыргызстанга жайылтып жиберишти! Өткөндө Ат Башыга кудага барып, 12 жерден түштөнөбүз деп, өлүп кала жаздадык!
Эми, башка жердегилер аларды туурайбыз деп 12 козуну кайдан табабыз түштөндүргөнгө деп башын катырып отурушат",- деп эки келиндин сөзүн жазды Акматалиев.
Акматалиев, бир чети ойлоно турган маселе экенин билдирди.

"Бир чети күлкүм келди! Экинчи чети, чын эле, ойлончу маселе экен...", - деп жазды социалдык тармакта.

Ал эми саясатчы Эмилбек Каптагаев, Ат Башыда тай союп түштөндүрүп калышканын кошумчалады.

"Башка жактагылар түштөндүрүп кой сойгонду үйрөнгүчө Атбашылыктар тайга өтүп кетишти. Кудага барганда рефрижератор айдата баруу керек болот. Ошону алдын ала эскертип койуш керек го дейм".

Депутат Каныбек Иманалиев жаңы салт коромжулуктун белгисиби деп кооптонууда.

"Чын эле мурда минтип бир күндө 10 жолу түштөндүргөн салт жок эле го, ашепки коромжу эмеспи", - деп жазды Иманалиев.


Ссылка: https://barometr.kg/bir-knd-12-koj-soyup-kyrgyzstanda-tshtndr-degen-zhay-salt-kooptonuu-zharatty



Добавить комментарий

  • Эльмира 5 лет назад
    Ушунун кереги деле жок, кулага барып жон отурбай, ар Бир туштондургондон жилик алып, Аны нары бери ташып, кайра уйго жеткиче эттин баары жыттанып, кайра кайра шамалдатып, мындайды жоюш керек