Бишкекте бүгүн маршруттук таксилер окуучуларды бекер ташыйт
2-сентябрь күнү 1-класстан 3-класска чейинки окуучулар маршруттук таксилерде жол кире тѳлѳбѳйт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Бул курактагы окуучулар бир күн маршруттук каттамдарда бекер катташат.
Мындай чечим Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук таксилердин айдоочулары менен болгон жыйында айтылган. Анда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маршруттук таксилердин айдоочуларына 2-сентябрь күнү 1-класстан 3-класска чейинки окуучуларга жол акысын албай жеткирүүнү сунуштаган. Айдоочулар сунушту колдошкон.
Жыйындын жүрүшүндө айдоочуларга жүргүнчүлөрдү ташууда бардык эрежелерди сактоого, аларга сылык мамиле кылууну, тазалыкты сактоону, жол кыймылынын эрежелерин бузбоого, жүргүнчүлөрдү ашыкча шыкап салбоого чакырды.
Ссылка: https://barometr.kg/bir-kn-marshruttuk-taksiler-okuuchulardy-beker-tashyjt
Добавить комментарий ×