Бир катар мейманканалар жана ресторандардын ээси: Кыргызстанда кыздар ичишет жана чегишет, аларды эч ким зордобойт
Кыргызстанда ала качуу тууралуу жөн гана көбүртүп-жабыртып жатышат, чындыгында ала качуу аз кездешет. Мындай пикирин бир катар мейманканалар менен ресторандардын ээси Керим Токаев өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды.
Бизнесмендин айтуусунда, булардын бардыгы өлкөнүн имиджин түшүрүү үчүн жасалган нерселер.
"Ар кандай эл аралык эксперттер келишип, акча үчүн ар кандай докладдарды жазышат жана биздин жергиликтүү "келемиштер" аларга күнүнө 100$ ыргытышып, Кыргызстан зордукчулдардын өлкөсү деп ого бетер "кызытышат", биз болсо эмнеге бизге туристтер келбейт, эмнеге бизге виза бербейт деп түшүнбөй калабыз", - деп жазды бизнесмен.
Керим Токаевдин пикиринде бардык жерде кыска юбкачан кыздар толтура, алар бийлешет, ичишет, чегишет, демек, аларды эч ким зордобойт жана уурдабайт.
Ошондой эле ал аталган көйгөй менен күрөшкөндөрдүн бардыгын наалып отурбастан, жакынкы күндөрдө ага караштуу мекемелердин биринде өтө турган көргөзмөгө майыптарды алып келүүнү сунуштады. Ал БУУӨП статистикасына макул эместигин дагы белгилеп, Кыргызстандагы ар бир бешинчи нике ала-качуу аркылуу болорун белгилөө менен ала качуу үйлөнүүнүн жөнөкөй жана бат жолу экенин билдирди. Ал 99,9% жаштар эки тараптуу макулдук менен баш кошорун да айтат.
Бизнесмен өзү белгилегендей анын пикирлери ар кандай сындарга кабылган.
Анын пикирлерине карата "Бишкектик феминисттик демилгенин" өкүлү Гуляим Айылчы, жарандык активист жана БУУӨП кызматкери Умутай Даулетова, журналист Регина Им өздөрүнүн сын-пикирлерин билдиришкен.
Белгилей кетсек, Керим Токаев «Ыр Кесе», «Уголек», Zolden pub, «Нико», «Навигатор», «Асанбай-центр» ресторандарына жана «Байхан» мейманканалар тутумуна ээлик кылат .
Добавить комментарий ×