Бир катар мамлекеттер Афганистандагы элчиликтеринин ишин токтотушту

14 августа 2021 09:53 962 Barometr
Поделиться в:
ok

Бир катар мамлекеттер Афганистандагы элчиликтери менен консулдуктарынын жаап жатат. Бул тууралуу РБК булагы маалымдаганн “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, Афганистанда “Талибан” кыймылынын позициясы күч алгандан бери Норвегия менен Дания Кабулдагы элчиликтерин убактылуу жапты. Германия, АКШ жана Улуу Британия дипломаттарынын санын кыскартууда.

Россия азырынча дипломаттарын эвакуациялоону пландай элек.    

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги дагы Афганистандагы дипломатиялык миссиясынын иши боюнча расмий билдирүү бере элек.

Буга чейин «Талибан» кыймылы Афганистанда чоңдугу боюнча экинчи шаар болгон Кандагарды басып алышкан, Кечээ, 13-августта алар Кабулдан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан Логар провинциясынын борборун ээлеп алышты.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-katar-mamleketter-afganistandagy-elchilikterinin-ishin-toktotushtu



Добавить комментарий