Бир үй-бүлөдөн үч киши дааратканага түшүп кетип каза тапты

1 июля 2021 12:11 5314 Barometr
Поделиться в:
ok

Алмата шаарында кечээ дааратканга бир үй-бүлөдөн үч киши түшүп кетип каза тапты.Алардын эң улуусу 66 жашта болсо эң кичүусү бир жашта болгон. Бул тууралуу Tengrinews.kz.кабарлады

Аталган маалыматка таянсак, кечинде бир жаштагы кыз  короодо ойноп жатып кокустан дааратканага түшуп кеткен. Ага көмөк бергени чуркап келген 1955-жылы туулган чоң энеси жана 12 жаштагы бала дагы чуңкурга түшүп чыга албай калышкан. Аларга 1980-жылы туулган атасы жардамга келип энеси менен балдардын куткарам деп жатканда эсин жоготкон.

Наурызбай районунун полиция башкармалыгынын башчысы Дидар Ахановдун айтымында, милициялар балдардын атасын куткарып, калгандарынын сөөгүн алып чыгышты.

Куткарылган эркек киши тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.


Ссылка: https://barometr.kg/bir-j-bldn-ch-kishi-daaratkanaga-tshp-ketip-kaza-tapty



Добавить комментарий