Бир аялга көп күйөө
Көп күйөөгө тийүү Тибетте мурдатан бери эле колдонулуп келет. Бул кадамга баруунун себеби, кедей үй-бүлөлөр бир келин үчүн эле калың төлөөгө чамасы жетишип, аны бардык балдарынын аялы кылып коюшат.
Тилеттеги көп күйөөгө тийүү тууралуу 3 кызыктуу факт:
1. Никесиз бойго бүтүү.
Көп күйөөгө тийүү жана Тибеттеги монахтардын никесиз болуусу кыздар арасында атаандаштыкты пайда кылып, ойлонбостон эле никеси жок интимдик катнашка барууну күчөтүүдө.
Эгер турмушка чыга элек кыздын боюна бүтсө, анын атасы бала төрөлгөнгө чейин жана андан кийин 2 жума кыздын үй-бүлөсүнө иштеп берүүсү шарт. Иштеп берген сон жигит бошотулат, а наристени кыздын ата-энеси багып чоңойтот.
2. Бир аял бардык бир туугандар үчүн.
Тибетте мүлктүн баарын ээлеп калуучу улуу уулуна гана үйлөнүүгө уруксат берилет. А кичүүлөрү жөн гана бул никенин мүчөлөрү болушат.
3. Аялдардын ойношу көп болушу аброй.
Көптөгөн Тибеттик кыздар ойношторун билдирген, атайын тыйындардан куралган шуруну тагынып жүрүшөт. Тыйындар канчалык аз болсо- анда ал кыздын эркектер арасында аброю төмөн болуп, турмушка чыгуу мүмкүнчүлүгү азаят. Чет элдик мырзалар менен мамиле түзүү аябай бааланат жана аны билдирүү үчүн шурусуна баалуу таштарды кошуп тагынышат.
Ссылка: https://barometr.kg/bir-ayalga-kp-kj
Добавить комментарий ×