Кырсыктардын тобокелин кантип азайтуу керек?

10 сентября 2019 16:55 1049 5 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Ɵзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин Ысык-Кѳл облусу боюнча башкармалыгынын Ысык-Кѳл райондук ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлүмү тарабынан “Кырсыктардын тобокелин азайтуу” боюнча бир айлыктын алкагында Ысык-Кѳл районунун Чырпыкты, Булан-Сѳгѳттүү айылдарындагы бала бакчаларда, орто мектептеринде окуучулар жана мугалимдери менен кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча окутуулар уюштурулду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Бир айлыктын негизинде окутуулар, машыгуулар жүргүзүлөт.

Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүн белгилѳѳнүн максаты, ѳлкѳдѳгү табигый кырсыктардын коркунучун тѳмѳндѳтүү чѳйрѳсүндѳ жалпы коомчулуктун билимин жогорулатуу, ѳзгѳчѳ кырдаалдарда калктын жүрүм турум саясатын түзүү, ар тараптуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.




 

 

Ссылка: https://barometr.kg/bir-ajlyk-okuu-bolotkyrsyktardyn-tobokelin-azajtuu-boyuncha



Добавить комментарий