Бильярдчы Азиз Мадаминов Казакстанда “үч миллиондук” мелдешти жеңди
Кыргызстандык кий чебери Азиз Мадаминов Казакстандын Алматы калаасында өткөн “үч миллиондук” сатустагы эл аралык ири мелдеште жеңүүчү болду. Мелдеш «Москва пирамидасы» түрү боюнча өткөн.
Бул тууралуу анын жеке машыктыруучусу Ильяз Адамов “barometr.kg” сайтына билдирди. Анын айтымында мелдеш айыгышкан атаандаштыкта өткөн.
“Казакстанда “үч миллиондук” статустагы, башкача айтканда байге фонду 3 миллион теңге болгон мелдеш биринчи жолу өттү. Ага Борбор Азия жана орусиялык атактуу бильярдчылар катышты. Анда кыргызстандын да мыкты кий чебепрлери күчүн сынашты. Мелдеш айыгышкан атаандаштыкта өттү”, - дейт Ильяз Адамов.
Уюштуруучулар мелдешти салт катары жыл сайын өткөрүп тураарын убадалаганын Ильяз Адамов кошумчалады.
Эске сала кетсек, Азиз Мадаминов 7-14-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн бильярддын “Эркин пирамида” түрү боюнча Дүйнө чемпионатында байгелүү үчүнчү орунду алган.
Ссылка: https://barometr.kg/bilyardchy-aziz-madaminov-kazakstanda-ch-millionduk-meldeshti-zhedi
Добавить комментарий ×