Министр Кытай элчисинен кыргызстандык студенттер үчүн каралган квотанын санын көбөйтүүнү суранды

25 ноября 2019 14:42 1385 Barometr
Поделиться в:
ok

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси  Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу Билим берүү жана министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Жолугушууда тараптар билим берүү тармагындагы кызматташууну жакшыртуу,  кыргызстандык студенттер үчүн каралган квотанын санын көбөйтүү суроолорун талкуулашты. Элчи айым Каныбек Исаковду министр болуп дайындалышы менен куттуктап, ага жүктөлгөн жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады.

 Каныбек Исаков элчи айымга ыраазылыгын билдирип, эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташуусун өнүктүрүү үчүн буга чейинки макулдашууну өзгөртүү каралап жатканын кабарлады.

Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында жалпы 60 кыргызстандык студент бюджеттик негизде билим алат.


Ссылка: https://barometr.kg/bilim-ber-zhaatynda-kytaj-mamleketi-menen-kyzmattashuunu-zhakshyrtuu-talkuulandy



Добавить комментарий