Билим берүү министрлиги окуучулар үчүн атамекендик жана дүйнөлүк адабий чыгармалардын тизмесин бекитти

7 мая 2020 12:39 2323 Barometr
Поделиться в:
ok

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары үчүн сунушталган атамекендик жана дүйнөлүк адабиятта татыктуу орду бар чыгармалардын тизмесин бекитти.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев мындан үч жыл мурун Садык Шер-Нияз менен чогуу Гарвард университетинин мисалында Билим берүү жана илим министрлигине окуучулардын аң сезимине, ой жүгүртүүсүнө оң таасир тийгизе турган адабият, театр жана кино искусствосунун чыгармаларынын 100 тизмесин жөнөтүп, бекитип берүүнү суранганын жазды.

Аталган тизмени министрлик бекитип берген.

Жалпы билим берүү мектептердин окуучулары үчүн адабий чыгармалардын тизмеси.

Кенже класстар үчүн.

Кыргыз жазуучулардын чыгармалары

Бейшеналиев Ш. – “Мүйүздүү козу”, “Муйүзүнөн айрылган сүзөөнөк” – аңгемелер.

Жангазиев М. – Балдар үчүн чыгармалары (мугалимдин тандоосу).

Жапиев Ж. – «Табият менен мерген», «Достошуу» – жомок.

Жунушев К. – «Күн дүйнө», «Жашынмак» – ырлар жана жомоктор.

Зарлыкова К. – «Сары ооз балапандар».

Казиев А. – Ырлар (мугалимдин тандоосу).

Кожомбердиев Т. – «Көлчүктөгү ай», «Түйдөк жип», «Боорукер жаан», «Менин күчүгүм Акжолтой» – ырлары.

Кыдыров А. – Балдар үчүн чыгармалары (мугалимдин тандоосу).

Максутов Б. – «Каныкейдин жомогу».

Токомбаев А. –“Күүнүн сыры”, “Акай мерген” – повесть, аңгеме.

Эралиев С. – «Биздин жердин көркүн ай!» – бөбөктөр үчүн ырлар.

Дүйнөлүк адабияты

Аксаков С. – «Кичинекей кызыл гүл» – жомок.

Андерсен Г. – Жомоктор (мугалимдин тандоосу).

Астрид Линдгрен – «Чатырдагы Карлсон» – жомок.

Волков В. – «Жер астындагы жети падыша», «Зымырыт шаарынын сыйкырчысы», «Урфин Джюс жана анын жыгач солдаттары» – жомок, повесть.

Джанни Родари – «Чипполинонун укмуштуу окуялары» – жомок.

Дүйнөлүк эл жомоктору (мугалимдин тандоосу).

Зальтен Ф. – «Бэмби» – жомок.

Паустовский К. – «Ысык нан», «Уйпаланган таранчы» – жомоктор.

Носов Н. – “Билбестик күнөстүү шаарда”, “Бобик Барбостукунда конок болду” – жомок, «Витя Малеев мектепте жана үйүндө» – повесть.

Рудольф Эрих Распе – «Мюнхаузендин шумдуктары» – жомок – повесть.

5-класстар үчүн

Кыргыз жазуучулардын чыгармалары

Абдыкадырова С. – Ырлар жана поэмалар (мугалимдин тандоосу).

Айтматов Ч. – “Атадан калган туяк” – повесть.

Бөкөнбаев Ж. – “Ажал менен ар намыс” – поэма.

Ибраев Э. – Мекен, эне тил, жер тууралу ырлар – «Мөмөлү дарак» – поэма.

Кожомбердиев Т. – «Эне жана от» – поэма.

Сартов Б. – «Мамыры гүлдөгөн маалда» – повесть, «Роботтун туулган күнү», «Айга саякат» – фантастикалык повесть.

Сарногоев Б. – Ырлар (мугалимдин тандоосу).

Турусбеков Ж. – “Эне” – поэма, “Ажал ордуна” – драма.

Элебаев М. – “Зарыгам”, “Зарлык”, “Алыскы тоодон” – аңгемелер.

Эсенкожоев К. – «Саякатчы бала», «Тоо теке атканда», «Үчүнчү шар» – повесттер.

Эрматов Э. – Ырлар (мугалимдин тандоосу).

Дүйнөлүк адабияты

Антуан де Сент Экзюпери – “Кичинекей канзаада” –повесть – жомок.

Дефо Д. – «Робинзон Крузо» – роман.

Думбадзе Н. – “Мен күндү көрүп турам” – повесть.

Короленко В. – «Үнкүрдөгү балдар» – аңгеме.

Марк Твен – «Том Сойердин жоруктары», «Гекльберри Финндин жоруктары» – повесть.

Лагин Л. – «Хоттабыч абышка» – повесть.

Шери Амсел – «Экология боюнча китеп».

6-класстар үчүн

Кыргыз жазуучулардын чыгармалары

Бөкөнбаев Ж. – Мекен ырлары, пейзаждык лирика (мугалимдин тандоосу).

Жусуев С. – «Эки курбу» – ыр.

Жангазиев М. – «Назарбектин классташтары» – повесть.

Жигитов С. – Ырлар (мугалимдин тандоосу).

Осмонов А. – “Толубай сынчы” – поэма, мекен, эл, жер тууралу ырлар (мугалимдин тандоосу).

Мавлянов Ж. – «Нан» – аңгеме.

Мамытов Ж. – Ырлар (мугалимдин тандоосу).

Токомбаев А. - “Жараланган жүрөк”, “Күүнүн сыры”, “Акай мерген” – ырлар.

Тоголок Молдо – «Кемчонтой», «Куштардын аңгемеси», «Эшек менен булбул», «Жер жана анын балдары» – ырлар.

Дүйнөлүк адабияты

Гайдар А. – «Ыраакы жерлер» – повесть.

Грин А. – «Алоо кызыл жел кеме» – роман.

Лесков Н. – «Сологой» – повесть.

Майн Рид – «Башы жок чабандес» – роман.

Олеша Ю. – «Үч күнчөк» – повесть.

Пришвин М. – «Жан сактоо аралы» – аңгеме.

Стивенсон Р. – «Кенч аралы» – роман.

7-класстар үчүн

Кыргыз жазуучулардын чыгармалары

Барпы – «Табият санаты» – санаттар.

Бобулов К. – «Таң шоокуму» – ырлар (мугалимдин тандоосу).

Жакыпбеков А. – “Айдагы жезкемпир” – киноповесть.

Жакиев Б. – «Атанын тагдыры» – драма.

Жусуев С. – «Тирүүлөргө» – поэма.

Касымбеков Т. – «Адам болгум келет» – повесть.

Кожомбердиев Т. – Мекен, эл, жер тууралуу ырлар

(мугалимдин тандоосу).

Садыков Ж. – Таберик, ырлар (мугалимдин тандоосу).

Сарногоев Б. – «Токойдогу жолугушу», «Окутуучума», «Жанар тоо болуп жаналык» – поэмалар, ырлар.

Тайторунун чабышы (классикалык вариант боюнча).

Дүйнөлүк адабияты

Агата Кристи – “Күтүлбөгөн конок” – аңгеме.

Беляев А. – “Адам амфибия” – фантастика.

Каверин В. –“ Эки капитан” – роман.

Лондон Джек – “Ак азуу”, “Үчөөнүн жүрөгү” – повесть.

Обручев В. – “Санников жери”, “Плутония өлкөсү” – роман, фантастика.

Тургенев И. – “Биринчи махабат” – повесть.

Чехов А. – Аңгемелер (мугалимдин тандоосу).

8-класстар үчүн

Кыргыз жазуучулардын чыгармалары

Жакыпбеков А. – “Атасыз өскөнбүз”, “Катаал багыт”.

Жантөшев К. – «Каныбек» – роман (I том), «Курманбек» – драма.

Жусуев С. – “Курманжан Датка” – роман.

Жусупбеков А. –– Ырлар, айтыш, терме (мугалимдин тандоосу).

Кожомбердиев К. – Мекен, эл, жер тууралу ырлар (мугалимдин тандоосу).

Рыскулов Р. – Ырлар (мугалимдин тандоосу).

Садыков Ж. – «Калча», «Саякбай» – поэмасы.

Эралиев С. – «Кесир инсан» – лирикалык поэма.

Дүйнөлүк адабияты

Брэдбери Р. – “Каакым ширеси” – повесть.

Виктор Гюго – “Куугунтук жегендер” – роман.

Верн Ж. – «Он беш жашар капитан» – роман.

Гарриет Бичер Стоу – «Том байкенин кепеси» – роман.

Крюкова Т. – «Костя + Ника» – повесть.

Назым Хикмет – «Мажүрүм тал» – тандалма ырлар (мугалимдин тандоосу).

Толстой А. – “Аэлита”, “Инженер Гариндин Гипперболоиди” – фантастика.

Шекспир В. – “Сонеттер”, “Ромео жана Жульетта” – трагедия.

9-класстар үчүн

Кыргыз жазуучулардын чыгармалары

Абдыраманов Ш. – “Ак жүрөк адамдар” – повесть.

Айтымбетов О. – “Кызыл өрүк” – аңгеме.

Ашымбаев К. – “Накыл сөздөр”.

Алыбаев М. – Мекен лирикасы, сатиралар (мугалимдин тандоосу).

Баласагын Ж. – «Кут алуучу билим» - дастан.

Байжиев М. – “Төрт адам” – повесть.

Жусубалиев К. – “Толубай сынчы”, “Улакчы” – аңгемелер.

Каимов К. – “Бири-бирине окшобогон күндөр” – аңгеме.

Маликов К. – «Кызыл атчандар», «Балбай» – мекен ырлар, поэма.

Сооронбаева З. – “Астра гүлү”– повесть, «Чоочун киши» – роман.

Шүкүрбеков Р. – Сатиралар (мугалимдин тандоосу).

Дүйнөлүк адабияты

Беляев А. – «Профессор Доуэлдин башы», “Атлантиданын акыркы адамы” – фантастика.

Калашников И. – “Каар заман” – тарыхый роман.

Лондон Д. – «Мартин Иден» – роман, «Өмүр кызык» – аңгеме.

Распутин В. – “Эсен болуп, эстей жүр” – повесть.

Фадеев А. – “Жаш гвардия” – роман.

Хемингуэй Э. – «Чал жана деңиз» – повесть.

10-11-класстар үчүн

Кыргыз жазуучулардын чыгармалары

Абдумомунов Т. – “Атабектин кызы”, “Ашырбай”, «Абийир кечирбейт» –пьесалар.

Абдукаимов У. – «Майдан» – роман.

Акматов К. – «Мунабия» – аңгеме.

Гапаров М. – «Күнөстүү арал», «Эки ирет гүлдөөчү алмалар» – повесть, аңгеме.

Жигитов С. – «Элегия» – ырлар (мугалимдин тандоосу).

Жусубалиев К. – “Күн автопортретин тартып бүтө элек” – повесть.

Казыбек – «Түрмөдөгү ырлардан» – ырлар,кан – жандан чыккан казалдар.

«Манас» эпос (Каралаевдин варианты) – эпос.

Молдо Нияз – «Санаттар», «Даткайым».

Осмоналиев К. – «Көчмөндөр кагылышы» – роман.

Садыков Ж. –“Манастын уулу Семетей”, «Сейтек» – эпикалык драма. .

Стамов А. – “Жаңы тууган” – повесть.

Токомбаев А. – «Токтогул» – роман, «Мунарым» – ырлар.

Тыныстанов К. – “Жаңыл Мырза”, «Манастын күмбөзү» – поэма.

«Чоң казат» – бөлүмү (классикалык вариант боюнча) – драма.

Дүйнөлүк адабияты

Ауэзов М. – «Абай жолу» – роман, «Көк серек» – аңгеме.

Бальзак О. – «Гобсек» – повесть.

Маркес Г. – «Полковникке эч ким кат жазбайт» – повесть.

Омар Хаям – «Рубаилер».

Сэлинжер Жером Дейвид – «Кара буудайдан тосуучу» – роман

Тагор Р. – Лирика (мугалимдин тандоосу).

Толстой Л. – “Пейилдин оңолушу” – роман.

Цвейг С. – “Бейтааныш аялдын каты” – новелла.

Шекспир В. – «Он экинчи түн», «Король Лир» – пьеса.

Ссылка: https://barometr.kg/bilim-ber-ministrligi-okuuchulardyn-okushu-chn-atamekendik-zhana-djnlk-chygarmalardyn-tizmesin-bekitti



Добавить комментарий