Билим берүү министрлиги окуучуларды экинчи чейректен баштап салттуу форматта окутууну сунуштады

29 октября 2020 16:36 1268 Barometr
Поделиться в:
ok

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерди экинчи чейректе ачуу боюнча өз сунуштарын киргизди. Бул тууралуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев бүгүн, 29-октябрда өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү министрлиги мектеп окуучулары билим берүү мекемелерине толук кандуу барышы үчүн дезинфекция жана мектептер үчүн санитардык стандарттарды камсыздоо үчүн каражат бөлүүнү пландаштырууда.

"Бул каражатты биз ысык тамактан үнөмдөп калдык, анткени быйыл окуучулар үйдөн, онлайн билим алышты", - деп түшүндүрдү Билим берүү министрлигинин башчысы.

Ссылка: https://barometr.kg/bilim-ber-ministrligi-mektep-okuuchulary-ekinchi-chejrekten-bashtap-salttuu-formatta-okutuunu-sunushtady



Добавить комментарий