Билим берүү министринин кеңешчисинин үйү тонолду. Ал ноутбугунун уурдалганына аябай кейиди
Поделиться в:
Билим берүү жана илим министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси Нурсулта Кубановдун үйүн тоноп кетишти. Бул тууралуу Кубанов өзү билдирди.
Анын айтымында, окуя 19-майга караган түнү болуп, уурулар алар үйдө уктап жатканда кирип техника менен акчаны алып кеткен.
«Укук коргоо органдарына расмий түрдө кайрылдым, азырынча алардан эч кандай жыйынтык жок. Андан сырткары алар телефон чалгандан кийин эки сааттан кийин келишти. Акча жана башка техникаларга ичим күйгөн жок, мага эң башкысы Макубугумду кайтарып беришсе болду. Ал жакта көптөгөн документтер менен материалдар бар болчу”, — деп жазды Кубанов.
Добавить комментарий ×