Министр түз эфир аркылуу эл менен байланышып, мугалимдердин кагаз иштерин азайтуу керектигин айтты

30 октября 2020 09:43 2372 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев соцтармак аркылуу эл менен түз эфирде баарлашты.

Министр коом менен тыгыз байланышта болуу максатында Facebook жана Instagram социалдык тармактарында түз эфирге чыкканын айтты.

Түз эфирде көрөрмандар суроолорун узатышып, министрдин өзүнөн түз жооп алышты.

Суроолордун көпчүлүгү  мектептерги акча чогултуу маселелерин кандайча чечилери тууралуу болду.

Ошону менен катары эле, Бейшеналиев мектеп мугалимдеринин кагаз иштерин азайтуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинде атайын комиссия түзүлгөнүн айтты.

“Мугалимдердин кагаз толтурууга кеткен убактысын үнөмдөө керек. Ансыз да түйшүгү арбын мугалимдерибиздин жүгүн жеңилдетиш үчүн комиссия түзүлүп, кагаз иштерин кыскартуу боюнча иштеп жатышат", -  деди министр.

Ссылка: https://barometr.kg/bilim-ber-ministri-tz-efirde-mugalimderdin-kagaz-ishterin-kompyuterleshtir-kerektigin-ajtty



Добавить комментарий