Билим берүү министри Европа биримдигинин Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

4 ноября 2020 12:47 695 Barometr
Поделиться в:
ok

Билим берүү жана илим министрлигинде "Билим берүү секторун реформалоо боюнча келишим" программасы боюнча долбоор талкууланды. Бул тууралуу Билим берүү жанан илим министринин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 3-ноябрда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Европа Биримдигинин кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн делегациясын кабыл алды.

Талкуунун негизги маселеси болуп, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан "Билим берүү секторун реформалоо боюнча келишим" программасы боюнча Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы Финансылык келишимдин алкагында ишке ашырылган долбоор талкууланды. Бул каржылык келишим 2019-жылдан 2021-жылга чейин күчүндө. Келишим бүтүндөй өлкөнүн бюджеттик колдоосуна багытталган.

Программанын алкагында мамлектеттин казынасына 2019-2021-жылдарга 35,76 млн.евро өлчөмүндө гранттык жардам көрсөтүлөт, анын ичинен:

- 32,0 млн. евро өлкөнүн республикалык бюджетин колдоого багытталат;
- 3,76 млн. евро ушул программаны ишке ашырууга техникалык жардам үчүн жумшалат.

Элчи, Европа биримдигинин кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр мырза, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн жана азыркы учурда Билим берүү жана илим министрлиги көрсөткөн көрсөткүчтөрдүн жетишүү деңгээлин белгиледи.

Министр министрлик жана жооптуу кызматкерлер долбоордун керектүү көрсөткүчтөрүнө өз убагында жетишүү үчүн тийиштүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле Европа Биримдигинин өлкөлөрүнөн тышкы эксперттик жардамды тартуу зарылдыгы менен өлкөдөгү билим берүү тармагында, анын ичинде жогорку кесиптик билим берүү жаатында жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча пикир алмашышты

Ссылка: https://barometr.kg/bilim-ber-ministri-evropa-birimdiginin-kyrgyzstandagy-elchisin-kabyl-aldy



Добавить комментарий