Билим берүү министри чет өлкөлүк студенттерден пара алууга шектелип кармалды

29 сентября 2022 08:53 720 Barometr
Поделиться в:
ok

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына таянып "Барометр" билдирет. 

Маалыматта,  министр өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу учурунда кармалганы айтылат.  

"ИИМдин кызматкерлери пара алуу учурунда Илим жана билим министри Алмазбек Бейшеналиевди кармашкан. Азыркы учурда чет өлкөлүк студенттерди Ата Мекендик жогорку окуу жайларга кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110000 АКШ доллары) пара алуу фактысы иликтенүүдө. Кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бардык толук маалыматтар берилет", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/bilim-ber-ministri-chet-lklk-studentterden-iri-lchmd-para-aluuga-shektelip-karmaldy



Добавить комментарий